Бишкекте соцмекемелердин дээрлик бардыгы, ал эми турак үйлөрдүн 77–80%ы жылуулукка кошулду

Бишкек шаарындагы турак үйлөрдүн жана социалдык мекемелердин көпчүлүгү жылытуу тутумуна туташтырылды. Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди.
Маалыматка ылайык, 29-октябрь саат 10:00гө карата «Бишкекжылуулук тармагы» ишканасы тейлеген көп кабаттуу үйлөрдүн дээрлик 77%ына жылуулук берилди. Мекеменин адистери гидравликалык басымды жөнгө салуу иштерин улантууда.
Мындан тышкары «Бишкекжылуулукэнерго» ишканасы тейлеген турак үйлөрдүн 80 пайызы жылуулукка кошулганы маалымдалды. Ал эми ооруканалар, жогорку окуу жайлары жана башка мамлекеттик мекемелер толугу менен (100%), бала бакчалар 98%, ал эми мектептер 97% жылуулук менен камсыздалды. Учурда аталган мекеменин отканаларынын 99%ы иштеп жатат.
Мэрия бардык абоненттерге жылуулук берүү жараяны бир нече күнгө созуларын билдирип, жарандарды түшүнүү менен кабыл алууга чакырды.