Адылбек Касымалиев Бишкектин Чыгыш айланма жолунун курулушун текшерди

03.11.2026 | 18:01
Адылбек Касымалиев проверил строительство Восточной объездной дороги Бишкека — Новости Кыргызстана

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 3-ноябрда Бишкектин Чыгыш айланма автожолунун курулушунун жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Жолдун узундугу 16,2 чакырымды түзөт. Ал төрт тилкелүү болуп, жүрүүчү бөлүгүнүн туурасы 14 метрди, жол жээктериники 2,5 метрди түзөт. Долбоордо ири инженердик курулмаларды, татаал жол түйүндөрүн жана көпүрөлөрдү куруу да каралган.

Курулушту көрүп чыккандан кийин Касымалиев тиешелүү мамлекеттик органдарга жана подряддык уюмдарга иштердин сапатын талаптагыдай камсыз кылууну, курулуш нормалары менен стандарттарын так сактоону жана долбоорду белгиленген мөөнөттө бүтүрүү үчүн чараларды көрүүнү тапшырды.

Адылбек Касымалиев проверил строительство Восточной объездной дороги Бишкека — Новости Кыргызстана

Ошол эле күнү Министрлер кабинетинин башчысы мурдагы «Чатыр-Куль» кинотеатрынын ордуна курулуп жаткан маданий борбордун курулушун да көрүп чыкты. Үч кабаттуу имараттын жалпы аянты 7 490 чарчы метрди түзөт. Анда алты кинозал, 400 орундуу концерттик зал, музыкалык жана театралдык класстар, жыйындар залы, фуд-корт жана көп функционалдуу бөлмөлөр, ошондой эле эки деңгээлдүү жер алдындагы унаа токтотуучу жай каралган.

Учурда ички жасалгалоо, аймакты көрктөндүрүү жана унаа токтотуучу жайды куруу иштери жүрүп жатат. Долбоорду ушул жылдын аягында бүтүрүү пландалууда.

Теги: кабмин
Scroll to Top