ЕРӨБ Бишкектин жылытуу системасын модернизациялоого 64 миллион евро бөлөт

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Лондондо өткөн Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ) «Жашыл шаарлар» программасынын алкагындагы мэрлердин жолугушуусуна катышты. Анын алкагында Бишкектин райондук жылытуу системасын модернизациялоо долбоору боюнча келишимдерге кол коюлду. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Долбоордун жалпы наркы 64 миллион еврону түзөт. Бул каражат төмөнкү иштерге жумшалат:
- жылуулук тармактарын, насостук станцияларды жана отказандарды жаңылоо;
- заманбап башкаруу тутумдарын жана энергияны үнөмдөөчү жабдууларды киргизүү;
- кайра жаралуучу энергия булактарынын технологияларын колдонуу.
Долбоордун натыйжасында жылуулук менен камсыздоонун ишенимдүүлүгүн жогорулатуу, энергия жоготууларын жана зыяндуу заттардын бөлүнүп чыгышын азайтуу пландалууда. Мэрия бул борбор калаанын абасынын сапатын жакшыртууга өбөлгө түзөрүн билдирди.
Сапардын алкагында Айбек Жунушалиев ЕРӨБ жетекчилиги менен жаңы инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн.