Кыз талашып мушташышкан. Чүйдө 11 жигит, анын ичинде өспүрүмдөр кармалды

24.06.2026 | 14:35
Кыз талашып мушташышкан. Чүйдө 11 жигит, анын ичинде өспүрүмдөр кармалды — Новости Кыргызстана

Чүй районунда кыз талашуудан чыккан жаңжал боюнча 11 жаран, алардын ичинен өспүрүмдөр кармалды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 22-июнда милицияга Бишкек–Торугарт айланма жолунда автоунаалардын катышуусунда кубалашуу жана ок атышуу болгондугу тууралуу маалымат түшкөн. Бул боюнча иликтөө жүргүзүлүп, Ивановка айылында эки топ өспүрүмдүн ортосунда мушташ чыкканы аныкталган. Жаңжалга кыз талашуу себеп болгон. Уруштан кийин бир топ экинчисин үч унаа менен кубалап жетип, алардын автоунаасын таш менен талкалашкан.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин «Бейбаштык» беренеси менен кылмыш иши козголгон. Натыйжада эки тараптан тең 11 жигит: шектүү катары кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Кармалгандардын арасында 24 жаштагы бир, 20 жаштагы эки, 19 жаштагы төрт, 18 жаштагы эки жигит, ошондой эле 17 жана 15 жаштардагы эки өспүрүм бар. Калган катышуучуларга карата укук бузуулар боюнча материалдар сотко жөнөтүлгөн.

Мындан тышкары окуяга тиешеси бар беш автоунаа: «Mercedes-Benz Sprinter», «Mercedes-Benz E210», «Audi A6», «Honda Fit», «Volkswagen Golf II» айып короого токтотулуп, ээлерине административдик айып пулдар салынган. Учурда тергөө иштери улантылууда.

Scroll to Top