Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Жаныбек Асанбеков мандатын тапшырдыАйдоочулук күбөлүктөрдү алмаштыруу боюнча акция – КР бюджетине 350 миллион сом түшпөй калдыМинистрлер Кабинети аскердик жыйындардан өтүү үчүн жаңы төлөмдөрдү бекитти: Коргоо министрлиги түшүндүрмө берди1-апрелден тарта Бишкекте Ауэзов көчөсүнүн бир бөлүгү оңдоо үчүн жабылатБашка өлкөлөрдө жүк ташуу үчүн КР айдоочуларына эл аралык айдоочулук күбөлүк керекАлтымышев көчөсүндөгү курулуштар буздурулуп, Ала-Арча дарыясынын жээги бошотулду
Эртең Кыргызстан менен Өзбекстан ойнойт. Үч миң милиционер тартипти карайт
09.09.2024 | 15:18
Эртең, 10-сентябрда Бишкекте Кыргызстандын футбол курамасы менен Өзбекстандын оюнун өткөрүү учурунда коомдук тартипти үч миң милиция кызматкери карайт. Бул тууралуу шаардык милициядан билдиришти.
Белгилүү болгондой, аталган беттеш дүйнө чемпионатына тандап алуу оюндарынын алкагында Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтөт. Оюн саат 20:00до башталат.
Стадиондун кире беришинде милиция кызматкерлери күйөрмандарды текшерип, андан кийин өткөрөт. Милиция оюнга убагында кирүү үчүн жарандарды эки саат эрте келүүгө, текшерүү иштерине түшүнүү менен мамиле жасоого чакырат.
Стадионго шише, желим идиштерди жана пиротехникалык заттарды алып кирүүгө тыюу салынат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом