Кыргызстанда курулуш тармагына насыя берүү 3,5 эсеге өстүКеректөө насыялары банктардын сегиз айдагы насыяларынын 45%ын түздүБишкекте мамкызматкерлерди медициналык текшерүүдөн өткөрүү боюнча пилоттук долбоор башталдыКыргызстандын банктары сегиз айда 381 млрд сомдук насыя бериштиУлуттук филармонияда «Сүймөнкул» мюзикли кайрадан коюлатЕвробиримдик Кыргызстанга билим берүү реформаларын колдоо үчүн дээрлик 600 млн сом бөлдү
Көчмөндөр оюндары: Кыргызстандын көкпар курамасы Монголияны 16:0 менен утуп, жарым финалга чыкты
09.09.2024 | 15:37
Кыргызстандын көкпар боюнча курамасы Астанада өтүп жаткан Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жарым финалына чыкты.
Беттеш бүгүн, 9-сентябрда Астанадагы “Казанат” ат майданында өттү.
Кыргызстан биринчи оюнунда Монголия менен ойноп, атаандаштарын 16:0 эсебинде утту. Ошентип бир жеңиши менен Кыргызстандын курамасы жарым финалга өттү. Эми жарым финалда Түркия менен ойнойт. Беттеш 10-сентябрда Бишкек убактысы боюнча саат 12:00до өтөт.

Рубрики: Жаңылыктар, Коом