30-январдан тарта Бишкекте коомдук транспортко жол кире кымбаттайт.
Бишкек мэриясынын маалыматында, жарандар үчүн төмөнкү шарттар сунушталат:
- автобус-троллейбустарда жол кире накталай эмес 17 сомго, акчалай төлөгөндө 20 сом болот;
- кичи автобустардын акысы — 20 сом;
- 7 жашка чейинки балдар, пенсионерлер, майыптыгы барлар автобус менен троллейбустарда акысыз жүрөт. Маршруткада — 8 сом төлөйт;
- Окуучулардын картасы — 360 сом;
- Чектөөсүз карта 1020 сом турат.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз