Кыргызстанда ӨК учурунда бирдиктүү штаб соцтармактардагы ушактар менен фейктерге байкоо салат

Кыргызстанда өзгөчө кырдаалдар (ӨК) учурунда калкка маалымат берүүнүн бирдиктүү механизмин түзүү сунушталууда. Министрлер кабинетинин тиешелүү токтомунун долбоорун Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги иштеп чыкты.
Атайын медиа-штаб мамлекеттик органдардын басма сөз кызматтарынын ишин координациялап, ЖМКлардагы жана соцтармактардагы билдирүүлөргө байкоо салып, ушактарды текшерип, ишенимдүү маалыматты ыкчам таратууну уюштурат.
Негиздеме-маалымкатта белгиленгендей, ӨК учурунда калкка маалымат берүүнүн колдонуудагы тартиби 2015-жылы эле Саламаттык сактоо министрлигинин буйругу менен бекитилген. Андан бери мамлекеттик органдардын түзүмү өзгөрүп, социалдык тармактар жана мессенджерлер маанилүү маалымат булагына айланды.
Ошол эле учурда мурунку эрежелер негизинен салттуу ЖМКлар менен өз ара аракеттенүүгө багытталган жана соцтармактарга мониторинг жүргүзүүнүн, таратылып жаткан билдирүүлөрдү текшерүүнүн, ошондой эле санариптик платформалар аркылуу калк менен иштөөнүн өзүнчө механизмдерин карабайт.
Долбоорду иштеп чыгуучулар ӨК маалында адамдарга текшерилген маалыматтарды тез арада берүү, жаралган суроолорду түшүндүрүү жана такталбаган маалыматтардын таралышын алдын алуу өзгөчө маанилүү экенин белгилешет.
Колдонуудагы жана сунушталып жаткан эрежелердин салыштырмалуу анализинде мурунку тартип алгачкы маалымдоонун так мөөнөттөрүн жана убактылуу «маалыматтык жымжырттыкты» караганы да көрсөтүлгөн.
Жаңы ыкма окуя тууралуу толук маалымат али жок болсо да, алгачкы ырасталган маалыматтарды негизсиз кечиктирбестен жарыялоону көздөйт. Андан кийин билдирүүлөр үзгүлтүксүз жаңыланып турууга тийиш.
Иштеп чыгуучулардын пикиринде, бул маалыматтык боштукту азайтууга, ар кандай ведомстволордун билдирүүлөрүн макулдашууга жана ушактар менен дезинформацияга тезирээк чара көрүүгө мүмкүндүк берет.
Медиа-штаб кантип иштейт
Токтомдун долбоору менен ӨК учурундагы Оперативдүү медиа штабдын иши жөнүндө жобону бекитүү сунушталууда.
Бул ӨК келип чыкканда же анын келип чыгуу коркунучу реалдуу болгон учурда түзүлө турган убактылуу ведомстволор аралык механизм болот. Штабды чакырууга жана анын ишин уюштурууга Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматы менен макулдашуу боюнча Маданият министрлиги жооптуу болот.
Анын курамына Маданият министрлигинин, Президенттин администрациясынын, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ), тармактык мамлекеттик органдардын жана алардын басма сөз кызматтарынын өкүлдөрү кирет. Зарыл болгон учурда ишке жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, ЖМКлар, коомдук уюмдар, эксперттер жана санариптик коммуникациялар боюнча адистер тартылышы мүмкүн.
Медиа-штабдын негизги милдеттери:
- мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү бийликтердин басма сөз кызматтарынын ишин координациялоо;
- ӨК тууралуу ырасталган маалыматты чогултуу жана таратуу;
- расмий билдирүүлөрдү жана калк үчүн сунуштамаларды макулдашуу;
- брифингдерди, маалымат жыйындарын жана маектерди уюштуруу;
- ЖМКлардагы, соцтармактардагы жана мессенджерлердеги билдирүүлөргө байкоо салуу;
- ушактарды жана так эмес маалыматтарды аныктоо, фактыларды текшерүүнү уюштуруу;
- жарандардын суроолорун жана кайрылууларын чогултуп, жооптуу ведомстволорго өткөрүп берүү;
- зарыл болгон учурда ӨК аймагына жакын жерде мобилдик басма сөз борборлорун түзүү.
Долбоорго ылайык, алгачкы расмий билдирүү окуянын фактысы ырасталгандан кийин негизсиз кечиктирилбестен жарыяланышы керек.
Эгер толук маалымат азырынча жок болсо, буга чейин белгилүү болгондорду билдирип, алгачкы коопсуздук чаралары жөнүндө айтып берип, кийинки маалымат качан же кандай жол менен берилерин көрсөтүү зарыл.
Ошол эле учурда ырасталган фактылар алдын ала баалоолордон жана божомолдордон так бөлүнүп турууга тийиш. Жаңылыш кеткен расмий билдирүүлөрдү ачык жана ыкчам түрдө оңдоо сунушталууда.
Маалыматты мамлекеттик органдардын сайттары, ЖМКлар, социалдык тармактар, мессенджерлер, SMS-билдирүүлөр, тынымсыз байланыш линиялары жана башка жеткиликтүү каналдар аркылуу таратуу пландалууда.
Дезинформация менен кантип күрөшүшөт
Документте маалымат мейкиндигине мониторинг жүргүзүүгө өзгөчө көңүл бурулган.
Штабдын кызматкерлери ЖМКлардагы, соцтармактардагы жана мессенджерлердеги жарыяланган материалдарга көз салып, ушактарды, маалыматтык боштуктарды жана калкты адаштыра турган билдирүүлөрдү аныкташат.
Так эмес маалыматка чара көрүүнүн негизги ыкмасы болуп текшерилген фактыларды жана түшүндүрмөлөрдү ыкчам таратуу саналат. Билдирүүлөрдү текшерүүгө эксперттер, мамлекеттик органдардын, кесипкөй медиа коомчулугунун жана фактчекердик уюмдардын өкүлдөрү тартылышы мүмкүн.
Ошол эле учурда долбоор коопсуздук жана мыйзам талаптарын эске алуу менен журналисттердин расмий маалыматка бирдей жана басмырлоосуз жетүүсүн карайт.
Зарыл болгон учурда ӨК болгон жердин жанында ыкчам маалыматтарды, фото жана видео материалдарды берүү жана ЖМКлардын ишин уюштуруу үчүн мобилдик басма сөз борборун жайгаштырууга болот.
Маалымат кыргыз жана орус тилдеринде, ал эми зарыл болгон учурда калктын аярлуу топтору үчүн жеткиликтүү болгон башка тилдерде жана форматтарда берилиши керек.
Окуянын масштабына жараша штаб нөөмөт менен же күнү-түнү иштей алат.
Коомдук саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ӨК учурунда тармактык ведомстволор аралык түзүмдөр менен өз ара аракеттенүү өзүнчө каралган.
Иштеп чыгуучулар медиа-штаб ӨКны жоюуну жетектебей турганын же учурдагы башкаруу органдарын алмаштырбай турганын баса белгилешет. Анын милдети — калкты маалымдоону макулдашуу, ал эми маалыматтардын аныктыгы үчүн жоопкерчилик тармактык ведомстволордо калат.
Штабдын иши аяктагандан кийин маалыматтык тобокелдиктерге, жаралган көйгөйлөргө жана калк менен өз ара аракеттенүүнүн натыйжалуулугуна талдоо жүргүзүлгөн жыйынтыктоочу отчетту даярдоо каралган.
Өзүнчө туруктуу иштеген мамлекеттик органды түзүү же жаңы штаттык бирдиктерди киргизүү пландалган эмес. Штабдын ишин колдо болгон бюджеттик каражаттардын жана мыйзам тарабынан уруксат берилген башка булактардын эсебинен камсыз кылуу каралууда.
Анара Мамытова