Эшек дагы малдын катарына кирди. Уурулуктун жазасы күчөтүлдү

Эшек дагы малдын катарына кирди. Уурулуктун жазасы күчөтүлдү

Кыргызстанда мал уурдоо боюнча жаза күчөтүлдү. Тиешелүү мыйзамга президент кол койду.

Документке ылайык, олуттуу эмес өлчөмдө бирөөнүн малын уурдагандар 100 сааттан 180 саатка чейин коомдук иштерге же 2 айдан 6 айга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына тартылат, айып салынат же 6 айдан 2 жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратылат.

Ал эми олуттуу өлчөмдө мал уурдоо үчүн 2 айдан 3 жылга чейин түзөтүү жумуштарына тартуу же 3 жылдан 5 жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу каралган.

Мал уурдоо ири өлчөмдө, адамдардын тобу тарабынан жасалган учурда мүлктү конфискациялоо менен 5-8 жылга, кылмыштуу коомдошуу менен жасалса 8-12 жылга эркинен ажыратылат.

Мыйзам боюнча малдын катарына майда жандык, бодо мал, жылкы, эшек жана качыр, төө, чочко дагы кирет.

Мындай кылмыш жоопкерчилигине 14 жаштан баштап тартылары белгиленет.

Белгилей кетсек, мыйзам долбоорун талкуу учурунда депутат Дастан Жумабеков эшекти малдын катарынан чыгарып коюуну сунуштаган.

Эшек мал эмес. Депутат эшек уурдагандарга жеңил жаза берүүнү сунуштады (видео)

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>