Ошто милиция оратордук чеберчилик боюнча окуудан өттү (сүрөт)

Ошто милиция оратордук чеберчилик боюнча окуудан өттү (сүрөт)

Ош облусунда милиция кызматкерлери үчүн оратордук чеберчилик боюнча сабактар уюштурулду. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, иш-чара 22-26-январда өткөрүлүп, ага Бишкектен “Табарман” өнүктүрүү академиясынын “Коомдук мунара” оратордук чеберчилик боюнча окутуучусу Нариман Кадырбеков чакырылган.

Аталган сабактар милиция кызматкерлери эл арасында профилактикалык иштерди, жаштар арасында тарбиялык-агартуу жумуштарын жүргүзүүдө, жыйындарда коомчулукка кайрылуу жасоодо, жарандар менен иш алып барууда ораторлук чеберчиликти күнүмдүк ишинде колдонуусу жана өздөштүрүүсү үчүн уюуштурулган.

«Мындан ары да кызматкерлер арасында кызматтык тартипти жана мыйзамдуулукту бекемдөөдө, жарандардын арыз-даттаннууларын ыкчам жана мыйзам чегинде чечүүдө, эл менен болгон мамиледе жогорку маданияттуулукту көрсөтүү максатында окутуулар жер-жерлердеги райондук ички иштер бөлүмдөрүндө улантылмакчы», — деп айтылат маалыматта.

Окутуудан өткөн кызматкерлерге тиешелүү сертификаттар берилген.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: Милиция Ош

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>