Ош облусунда жер көчкү активдешип, 11 адам эвакуацияландыКочкор бекетинен Бишкек ЖЭБине алгачкы жолу көмүр жөнөтүлөтСадыр Жапаров Сүлүктүдөгү таза суу жана жол маселелерин чечүүнү убада кылдыНепродовольственных товаров в Кыргызстане продали больше, чем продуктов питанияКыргызстандагы «Яндекс» кызматынын үзгүлтүккө учурашы бийлик үчүн сабак болушу керек — Дастан БекешевСадыр Жапаровго Лейлек району менен Сүлүктү шаарынын өнүгүү жыйынтыктары тааныштырылды
Эсептөө палатасынын аймактык инспектору пара алууга шектелип кармалды
29.06.2026 | 10:34

Эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары боюнча аймактык бөлүмүнүн инспектору Д.М.Ы. пара алууга шектелип кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боючна мамлекеттик комитети (УКМК) билдирди.
Иликтөөнүн жүрүшүндө инспектор Ноокат районунун Көк-Жар айыл аймагындагы финансылык мыйзам бузууларды жашыруу үчүн 900 миң сом алганы аныкталган.
Бул факт боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин «Ири өлчөмдө пара алуу» беренеси менен кылмыш иши козголгон. Шектүү 26-июнда кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилген. Учурда тергөө иштери жүрүүдө.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар