Шамалды-Сайда реконструкциялоодон кийин борбордук стадион ачылды

Жалал-Абад облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Кабмин башчысы Адылбек Касымалиев Шамалды-Сай шаарчасындагы реконструкцияланган борбордук стадионду салтанаттуу ачты. Аземдин жүрүшүндө ал жергиликтүү ушул эле аталыштагы футбол клубунун тарбиялануучуларына команданы колдоо жана баштапкы өнүктүрүү үчүн 1 миллион сомдук сертификат тапшырды.
Энергетика тармагынын кызматкерлери үчүн 1961-жылы курулган стадион 2023-жылы башталган масштабдуу модернизациялоодон өттү. Аянты 1,79 гектарды түзгөн аймакта заманбап футбол талаасы, баскетбол жана волейбол аянтчалары, ошондой эле чуркоо жолдору пайда болду. Спорттук комплекстин жаңыланган трибуналары эми 1335 көрүүчүнү баткыра алат.
Сапардын жүрүшүндө Касымалиев ошондой эле «Нефтчи» футбол клубунун Кочкор-Атадагы жаңы окуу-машыгуу базасынын иши менен таанышты. Комплекс мейманкана, тренажер залы, реабилитациялык кабинеттер жана заманбап талаа менен жабдылган, бул спортчуларга бардык кесиптик стандарттарга жооп берген шарттарды камсыз кылат.