Кыргызстанга Евразиялык фонд аркылуу тез жардам унаалары келет

Кыргызстанга Евразиялык фонд аркылуу тез жардам унаалары келет

6-февралда саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев менен Евразиялык турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун аткаруучу директору Андрей Широковдун жолугушуусу болуп өттү. Буо тууралуу аталган ведомстводон билдиришти.

Жолугушууда тараптар «Ден соолук кербени» жана саламаттыкты сактоо уюмдарынын автопарктарын жаңылоо сыяктуу мурунку долбоорлордун жыйынтыктарын, ошондой эле Кыргызстанды кошумча тез жардам унаалары менен камсыз кылуу боюнча саламаттыкты сактоо тармагындагы жаңы долбоорду ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулашты.

Министр Евразиялык турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун аткаруучу директоруна Кыргызстандын саламаттык сактоо тармагына колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди.

 «Ден соолук кербени» долбоорунун алкагында бизге айыл жергесинин жана жетүүгө кыйын аймактардын калкынын арасында оорулардын алдын алуу жана эрте аныктоо үчүн эки автопоезд берилди. Баштапкы профилактикалык кароолорду өткөрүү жана ден соолукту чыңдоо биздин артыкчылыктуу багыттардын бири. Ошондой эле өткөн жылы 107 унаа алдык. Биздин саламаттык сактоо тармагындагы кызматташтыгыбыз өз ара пайдалуу кызматташтык шарттарында тереңдейт жана бекемделет деп ишенебиз”, — деди Алымкадыр Бейшеналиев.

Министр ошондой эле учурда кыргыз тарап жарыяланган 3-конкурстун алкагында Евразиялык турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун гранттык жардамына арыздарды чогултуу боюнча иш алып барып жатканын кошумчалады.

Өз кезегинде Евразиялык турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун аткаруучу директору Андрей Широков, Кыргызстанга гранттык жардам көрсөтүү боюнча кезектеги долбоордун алкагында Кыргызстанга ушул жылдын аягына чейин адистештирилген унааларды сатып алуу боюнча иш жүргүзүлүп, жабдыктарды сатып алуу процесси башталаарын блдирди.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>