«United Dance Weekend»: Бишкекте эл аралык бий фестивалы өтөт

04.11.2026 | 16:57
«United Dance Weekend»: в Бишкеке пройдет международный танцевальный фестиваль — Новости Кыргызстана

15-ноябрда Бишкек шаарында «United Dance Weekend» эл аралык бий фестивалы өтөт. Иш-чара КРдин Маданият министрлигинин колдоосу менен уюштурулууда.

Фестивалдын алкагында хореография боюнча чемпионат өтүп, катышуучулар өнөрлөрүн көрсөтүшөт. Калыстар тобунун курамына эл аралык деңгээлдеги хореографтар жана бий индустриясынын өкүлдөрү: Австралиядан Caetlyn Watson жана Ирландиядан Kerrie Milne кирет.

Министрликтин маалыматында, фестиваль ар кайсы өлкөлөрдүн бийчилерин бириктирип, тажрыйба алмашууга, чыгармачылык байланыштарды өнүктүрүүгө жана жаш бийчилердин потенциалын ачууга мүмкүнчүлүк түзөт.

Фестиваль саат 17:00дө Бишкек шаарынын Малдыбаев көчөсү, 54/1 дарегиндеги жайда башталат.

Scroll to Top