Hello, merhaba: Ысык-Көлдүн туристтик милициясы чет элдик эс алуучуларды кандай тосуп алууда?

Hello, merhaba: Ысык-Көлдүн туристтик милициясы чет элдик эс алуучуларды кандай тосуп алууда?

Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын туристтик-экологиялык милициясынын инспекторлору туристтик жайларда коомдук тартипти сактоодо жана чет элдик меймандарга жардам көрсөтүү максатында 24 саат бою кызмат өтөөдө. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Ысык-Көлгө, облустун аймагында жайгашкан Алтын-Арашан, Жууку, Жети-Өгүз капчыгайларына, Каркыра, Көк-Жайык жайлооруна, ошондой эле облустун башка маданий жана тарыхый жайларына жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдөн туристтер көп келүүдө. Бул өзгөчө жай мезгилинде байкалат.

“Кийип жүргөн атайын формасы, аларды башка милиция кызматкерлеринен айырмалоого жардам берет. Негизинен аталган кызматтын кызматкерлери, өздөрүнүн функционалдык милдеттерин туристтик аймактарда жана тоолуу каттамдарда аткарышат. Милдеттүү критерий — чет тилдерин жана Кыргызстандын тарыхын билүү болуп саналат.

Туристтик-экологиялык милициянын кызматкерлери аймактагы туристтердин жана эс алуучулардын коопсуздугун сактоо, кылмыштуулуктун алдын алуу же жардам берүү менен чектелбестен, маалыматтык жактан да колдоо көрсөтүшөт.

Алар жөө жана транспорт менен каалаган пунктка ыңгайлуу жолду табууга жардам берет, аймактын кооз жерлери жөнүндө маалыматтарды айтып беришет, ошондой эле кеңештерин берип, керек болсо туристтер менен баарлашууга да даяр болушат. Аймак тууралуу кеңири маалыматка ээ болуу, туристтик-экологиялык милицияны башка кызматтардан айырмалап турат”, — деп айтылат маалыматта.

Рубрики: КООМ
Тэги: Милиция

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>