Чүйдө үй ээлери жокто уурулук кылган эки шектүү кармалды  

Чүйдө үй ээлери жокто уурулук кылган эки шектүү кармалды  

Ысык-Ата районунун аймагында уурулукка шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, ыкчам-издөө аракеттердин жыйынтыгында Чүй ОИИБдин жана Аламүдүн РИИБдин кызматкерлери тарабынан Ысык-Ата районунун аймагында бир катар уурулук жасаган эки шектүү кармалды.

Тактап айтканда, Ысык-Ата РИИБге жергиликтүү тургундар белгисиз адамдарга карата чара көрүү жөнүндө арыз менен кайрылышкан, алар ушул жылдын март айынан бери арыз ээлеринин үйлөрүнө кирип, акча каражттарын, алтын буюмдарын, унаалардын дөңгөлөктөрүн, дисктерин жана койлорун жашыруун уурдап кетишкендигин билдирген.

Бул фактылар Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинде каралган кылмыш белгилери боюнча каттоого алынган. Издөө иш-чаралардын жүрүшүндө 1975-жылы туулган Р.Р. жана 2002-жылы туулган Б.Б. аттуу жарандар кармалып, Ысык-Ата ИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Учурда Аламүдүн районунун аймагында кармалган адамдардын дагы ушундай 5 кылмышка катышы бар экендиги аныкталды.

Ыкчам кызматкерлер тарабынан шектүүлөр көпчүлүк учурда үй ээлери жок болгон учурларда күндүзү жана түнкүсүн уурулук жасаганы аныкталды.

Учурда сотко чейинки өндүрүш уланууда.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: уурулук

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>