Кыргызстанга өткөн Кара-Жантак айылынын тургундарына үйлөрүнүн документтери берилди

Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын тактоонун жыйынтыгында Кыргызстанга өткөн Кара-Жантак айылынын тургундарына турак жайларынын документтери тапшырылды. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган айылдагы 295 турак үйгө токтом чыгып, документтер даярдалган. Айылда 1200 тургун жашайт. Ошондой эле буга чейин президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен айылдын тургундарына Кыргызстандын жарандыгын тастыктаган паспорттор берилген.
Өкүлчүлүк учурда айылда инфраструктуралык жумуштар жүрүп жатканын билдирди. Аймакты ичүүчү суу менен камсыз кылуу үчүн 38 млн сомдук, узундугу 14 чакырым болгон суу түтүктөрүн тартуу иштери башталган. Сугат суу системасын куруу боюнча 316 млн сомдук долбоор даярдалган.
Мындан тышкары, 1,76 гектар аянтка мектеп, ал эми 0,60 гектар жер тилкесине бала бакча куруу боюнча иштер жүргүзүлүп жатканы маалымдалды.