Адылбек Касымалиев ЖМК өкүлдөрүн Маалымат жана басма сөз күнү менен куттуктады

Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 7-ноябрь — Маалымат жана басма сөз күнү менен жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн куттуктады.
Өкмөт башчы өз куттуктоосунда журналистика өлкөдөгү окуялардын тарыхта сакталышы үчүн маанилүү экенин белгиледи:
«Мамлекеттин тарыхы – бул окуялар менен кабыл алынган чечимдердин гана жыйындысы эмес, алардын коомдук аң-сезимде кандайча чагылдырылып, муундардын эс тутумунда сакталып, улуттук мурастын бир бөлүгүнө айланышы да болуп саналат. Дал ушул журналистика бүгүнкү окуялардын өлкөнүн тарыхында кандайча сакталып каларын жана аларга келечек муундар кандай баа берерин көп жагынан аныктайт».
Ошондой эле Адылбек Касымалиев медиа өкүлдөрү коомдун аң-сезимин калыптандырууда, Кыргызстандагы маалымат мейкиндигин өнүктүрүүдө жана демократиялык баалуулуктарды бекемдөөдө жетекчи роль ойной турганын билдирди.
“Ар бир кабар, макала аркылуу сиздер элдин үнүн угузуп, коомдун өнүгүшүнө дем берип, адилеттүүлүк менен ачык-айкындуулуктун жогорку үлгүсүн көрсөтүп келесиздер”,- деди өкмөт башчы.
Адылбек Касымалиев ошондой эле технологиялардын өнүгүшү маалымат таратуунун ылдамдыгын жогорулатканын, мындай шартта журналисттик этиканы сактоо, маалыматтын аныктыгын текшерүү жана калыс көз карашты камсыздоо зарыл экенин айтты.
Сөзүнүн аягында Минкаб төрагасы жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнө ден соолук, түгөнгүс чыгармачылык дем, жана кесиптик ийгиликтерди каалады.