Ошто Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүнө карата 4 миң көчөт отургузулду

07.11.2026 | 16:40
В городе Ош ко Дням истории и памяти предков высадили 4 тысячи саженцев — Новости Кыргызстана

Ош шаарында Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүнө карата 6 гектар аянтка 4 миң түп көчөт тигилди. Бул тууралуу шаар мэриясы билдирди.

Бак отургузуу иш-чарасы Кызыл-Кыштак айылдык аймагына караштуу Керме-Тоо айылынын Ишкаван тилкесинде өттү. Аймактагы таштактуу тоо бооруна 2 миң түп павловния, 1 миң түп чынар жана 1 миң түп карагач отургузулду.

Иш-чарага Оштун мэри Жанарбек Акаев, Жогорку Кеңештин депутаты Салтанат Аманова, мэрдин орун басарлары жана шаардык мекеме-ишканалардын кызматкерлери катышты.

Мэрия бул демилге калктуу конуштун экологиялык абалын жана абанын сапатын жакшыртуу максатында ишке ашырылганын билдирди.

Теги: Ош
Scroll to Top