Кантта калдыктарды кайра иштетүүчү завод жана муниципалдык базар куруу пландалууда

Кант шаарында калдыктарды кайра иштетүүчү завод жана муниципалдык базар куруу пландалууда. Ошондой эле шаарга 40 автобус сатып алуу каралууда. Бул тууралуу бүгүн, 7-ноябрда, өлкө башчы Садыр Жапаровдун Кант шаарынын 2021–2026-жылдардагы өнүгүү көрсөткүчтөрү жана курулуш долбоорлору менен таанышуу учурунда белгилүү болду.
Маалыматка ылайык, акыркы беш жылда шаарда өнөр жай багытындагы үч ири ишкана ачылган. Алардын бири — “Кант цемент заводу” ААКы. Заводго салынган инвестициялардын көлөмү 5,25 млрд сомду түзгөн. Ишканада 736 жаңы жумуш орду түзүлгөн.
Ошондой эле “Стилекс” ЖЧКсына 1,92 млрд сом инвестиция салынып, 80 жумуш орду түзүлгөн. Ал эми “БекемБлок” ишканасына 962 млн сом инвестиция салынып, 128 жумуш орду түзүлгөн.
Социалдык чөйрөдө Турукташтыруу фондунан эки бала бакча калыбына келтирилип, алты мектепте жана жети бала бакчада оңдоо иштери аткарылган. Бир парк, эки сквер, Калкты тейлөө борбору, үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу жана 17 турак жай курулган. Кыргызшёлк айылына 13 чакырым суу түтүгү тартылып, ичүүчү суу берилген.
Мындан тышкары өлкө башчысына азыркы учурда шаарда ишке ашырылып жаткан социалдык, экономикалык долбоорлор тааныштырылган. Тактап айтканда, аймакта №2 мектептин ордуна 500 орундуу имарат жана №1 мектепке 250 орундуу кошумча корпус салынып жатканы маалымдалды. Учурда амфитеатрдын курулушу уланууда.
Ошондой эле Кантта жеңил өнөр жай аймагын түзүү каралган. Анда сырткары жыйында шаарда жана Люксембург айылында канализациялык түтүктөрдү тартуу жана саркынды сууларды тазалоочу курулмаларды куруу зарылдыгы айтылган.