Кыргызстан Борбор Азиянын климаттык стратегиясынын катчылыгын Бишкекте жайгаштырууну сунуштадыМинфин менен АӨБ 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгында долбоорлордун ишке ашырылышын талкууладыКүн күркүрөп, жаан жаап, шамал күчөйт: 23-августка карата аба ырайыТаласта «Баластан» балдар борборунун курулушу 90% аяктадыКөчмөндөр оюндарына билет жетпей калган сатып алуучуларга акчасы кайтарылатБишкекте Көчмөндөр оюндарынын ачылыш репетициясына байланыштуу 22-августта жол кыймылы чектелет
Бийлик чет элдик басмаканалар менен иштешүүсүн токтотту
27.10.2021 | 12:20
Эмки жылдан (январь) тарта Кыргызстан чет элдик типографиялар менен иштешпейт. Бул туурасында Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров парламентте билдирди.
Анын айтуусунда, мамлекет ар түрдүү буйрутмаларды жергиликтүү типографияларга бере баштайт. Эл аралык каржы уюмдарына атайын каттар жөнөтүлгөн. Маселен, окуу китептерин Индиядан чыгартылбай, жергиликтүү басмаканалар чыгара баштайт.
Жаңы салык кодексине жергиликтүү басма каналарга салыкты азайтуу сунушу айтылды. Бийлик аны колдоорун айтты.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика