Кыргызстандын өнөр жайын атайын банк аркылуу каржылоо сунушталууда

30.10.2026 | 10:06
Кыргызстандын өнөр жайын атайын банк аркылуу каржылоо сунушталууда — Новости Кыргызстана

Кыргызстанда жаңы ишканаларды ачууну, иштеп жаткан өндүрүштөрдү модернизациялоону жана заманбап технологияларды киргизүүнү каржылай турган Өнөр жайын өнүктүрүү банкын (ӨЖӨБ) түзүү сунушталууда. Тиешелүү мыйзам долбоорун Экономика жана коммерция министрлиги иштеп чыкты.

Негиздеме-маалымкатта айтылгандай, өлкөдө бюджеттик каржылоо, пайыздык чендерди субсидиялоо, банктар аркылуу насыя берүү жана лизинг сыяктуу өнөр жайды колдоонун түрдүү механизмдери иштеп жатат.

«Бирок ири өнөр жай долбоорлорун ишке ашыруу үчүн каражатты узак мөөнөткө бере алган, долбоорлорду баалап жана алардын ишке ашырылышын көзөмөлдөй алган өзүнчө финансы институту талап кылынат», — деп айтылат негиздеме-маалымкатта.

Маалым болгондой, буга чейин мамлекеттик коммерциялык эмес уюм түрүндө Өнөр жайын өнүктүрүү фондун түзүү сунушталган. Бирок, иштеп чыгуучулардын пикири боюнча, мындай модель ири инвестициялык долбоорлорду каржылоонун, карыздык каражаттарды тартуунун жана финансылык тобокелдиктерди башкаруунун өзгөчөлүктөрүн толук эске албайт.

Эскерте кетсек, Кыргызстанда Мамлекеттик өнүктүрүү банкы да иш алып барат.

Экономика министрлиги жаңы банк бир кыйла кууш адистешүүгө ээ болушу керек, тактап айтканда, өнөр жай секторун гана каржылоого багытталышы зарыл деп эсептейт. Бул ишканаларды колдоонун жана мамлекеттик өнөр жай саясатын ишке ашыруунун өзүнчө механизмин түзүүгө мүмкүндүк берет.

Мыйзам долбоорун акыркы иштеп чыгууда эки банктын функциялары бири-бирин кайталап калбашы үчүн алардын ыйгарым укуктарын так ажыратуу зарыл экени белгиленет.

Жаңы банк кандай иштейт

Мыйзам долбооруна ылайык, ӨЖӨБ мамлекеттин жүз пайыздык катышуусундагы ачык акционердик коом түрүндө түзүү сунушталууда. Анын бардык акциялары Кыргызстанга таандык болот, ал эми акционердин ыйгарым укуктарын Министрлер кабинети же ал ыйгарым укук берген мамлекеттик орган алат.

Банк ишканаларга насыяларды жана займдарды бере алат, жабдууларды сатып алууну лизинг аркылуу каржылайт, кепилдиктерди берет, инвестициялык долбоорлорго катышат жана эл аралык финансы уюмдарынын каражаттарын тарта алат.

Финансылык колдоо жаңы өндүрүштөрдү өнүктүрүүгө, ишканаларды технологиялык жаңылоого, экспортту көбөйтүүгө, импортту алмаштырууга, жумуш орундарын түзүүгө жана аймактардагы өнөр жайды өнүктүрүүгө багытталат.

Мында каржылоону өнөр жай долбоорлорун ишке ашырып жаткан юридикалык жактар жана жеке ишкерлер ала алышат.

Банк Улуттук банктын көзөмөлүнөн чыгарылат

Мыйзам долбоору жаңы банктын ишмердүүлүгүн жөнгө салуунун өзгөчө тартибин карайт. Эгер мыйзамдарда түздөн-түз башкача каралбаса, ага «Банктар жана банк ишмердиги жөнүндө» мыйзам жана Улуттук банктын ченемдик актылары жайылтылбайт.

Атайын мыйзамда каралган операцияларды жүргүзүү үчүн банкка Улуттук банктын лицензиясы талап кылынбайт. Ошол эле учурда капиталдын шайкештигине, ликвиддүүлүккө, тобокелдиктерди башкарууга жана отчеттуулукка карата талаптарды Министрлер кабинети белгилейт.

Коммерциялык банктардан айырмаланып, жаңы финансы институту жеке жактардан депозиттерди кабыл ала албайт, ошондой эле калктын эсептерин ачууга жана тейлөөгө укуксуз болот.

Долбоорлор кантип тандалат жана каражат кайдан алынат

Каржылоо боюнча чечимдерди банк долбоордун экономикалык негиздүүлүгүн, өтүнмө ээсинин төлөө жөндөмдүүлүгүн, мүмкүн болгон тобокелдиктерди жана өнөр жай үчүн күтүлгөн натыйжаны баалагандан кийин кабыл алат.

Мында долбоордун мамлекеттик программага киргизилиши же анын артыкчылыктуу деп табылышы каржылоо алууга кепилдик бере албайт.

Банктын каражатын мамлекеттик бюджеттин, акционердин төгүмдөрүнүн, эл аралык финансы уюмдарынын насыяларынын, облигацияларды чыгаруунун жана башка уруксат берилген булактардын эсебинен түзүү пландаштырылууда.

Уставдык капиталдын көлөмүн жана аны түзүүнүн тартибин Министрлер кабинети аныктайт.

Банкты башкаруу үчүн үч деңгээлдүү система каралган: акционер, директорлор кеңеши жана башкармалык. Директорлор кеңешинин курамынын кеминде үчтөн бир бөлүгүн көз карандысыз мүчөлөр түзүшү керек.

Мыйзамда каралган учурларды кошпогондо, мамлекеттик органдарга жана кызмат адамдарына банктын айрым долбоорлор боюнча чечимдерине кийлигишүүгө тыюу салуу сунушталууда.

Банк ошондой эле жыл сайын көз карандысыз аудиттен өтүүгө, финансылык отчеттуулукту жана каржылоонун жыйынтыктары жөнүндө маалыматтарды жарыялоого милдеттүү болот. Жылдык отчет Жогорку Кеңешке отчеттук жылдан кийинки жылдын 31-майынан кечиктирилбестен берилиши керек.

Анара Мамытова

Scroll to Top