Быйылкы жылдын сегиз айында Кыргызстандын Мамлекеттик салык кызматы 99 миллиард 961,4 миллион сом салык жана бюджетке төлөмдөрдү чогултту. Белгиленген план 1 миллиард 445,5 миллион сомго ашык аткарылды.
2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу салык 33 миллиард 829,4 миллион сомго көп чогултулган.
“Мамлекеттик салык кызматы тескеген мамлекеттик бюджеттин кирешелеринин негизги үлүшүн жалпы жыйымдардын 32% өлчөмүндө кошумча нарк салыгы (КНС) боюнча кирешелер камсыз кылат”, — деп айтылат маалыматта.