Кадамжайда 14 жашар кыз мыкаачылык менен өлтүрүлдү

Кадамжайда 14 жашар кыз мыкаачылык менен өлтүрүлдү

Кадамжайда киши колдуу болуп өлгөн өспүрүм кыздын сөөгү табылды. Бул тууралуу Баткен облустук милициядан билдирди.

Маалыматка караганда, 4-сентябрь күнү саат 15:25 чамасында Кадамжай райондук милицияга телефон аркылуу Ноогардан айылындагы бакчанын багында белгисиз аял кишинин сөөгү  жаткандыгы маалымдалган.

Аталган маалымат 4-сентябрь күнү Кадамжай районунун ички иштер бөлүмүнүн маалыматтардын электрондук журналына катталган. Окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу чыгып, төмөнкүлөр аныкталган. 4-сентябрь күнү саат 15:25 чамасында Кадамжай районунун Алга айылынын тургуну Халмион айыл аймагынын Ноогардан айылынын түштүк тарабынан өткөн Ош-Раззаков автожолунун 146-чакырымында өзүнүн малын багып жүрүп, сел өтүүчү тюнелдин ичинде белгисиз аял кишинин жансыз денеси жаткандыгын көрүп, 112 кызматына кабар берген.

Окуя болгон жерге кароо учурунда колу артка жип менен байланган, мойнунан жип менен муунтулуп киши колдуу болуп өлтүрүлгөн белгисиз аял кишинин жансыз денеси табылган. Анын өздүгүн тактоо учурунда ал, Кадамжай районунун Халмион айыл аймагынын тургуну 2008-жылы туулган кыз К.А. экендиги аныкталып, өлүмүнүн себебин аныктоо максатында соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

Жогорудагы факт боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин 2-бөлүмүнүн 3-пункту (Адам өлтүрүү) менен каралган кылмыштын белгилери боюнча кылмыш иши козголгон.

Кылмыш иши боюнча ыкчам-иликтөө иштеринин жүрүшүндө кылмышка шектүү катары Кадамжай районунун Халмион айыл аймагынын тургундары 1997-жылы туулган М.Ш. 1995-жылы туулган Г.Д., жана 1998-жылы туулган А.у.С. аттуу жарандар кармалып убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Ал эми, кылмыш иши боюнча далилдерди алуу максатында Кадамжай районунун тургуну 1995-жылы туулган Г.Д. аттуу шектуунун үйүнө кечиктирилгис жагдайда тинтүү жүргүзүлүп, анын “Хундай-Соната” үлгүсүндөгү унаа далил катары алынган.

Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>