МКК аркылуу Кара-Жыгачта жарандык авиация кызматкерлери үчүн турак жай курулуудаОрусия БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы аркылуу Кыргызстанга дээрлик 2 миң тонна азык-түлүк жардамын бердиИлхам Алиев Борбордук Азия өлкөлөрүн Азербайжандын тышкы саясатынын артыкчылыктуу багыты деп атадыAsman Airlines Бишкек–Нарын каттамына 1000 сомдук акцияны августтун аягына чейин узарттыЖапаров Алиевге I даражадагы «Манас» орденин тапшырдыАзербайжан Кыргызстанга күйүүчү-майлоочу майларды жеткирүүгө даяр — КР энергетика министри
Тазалык мекемеси 2 унааны сатыкка чыгарды
21.09.2021 | 12:46
“Жалал-Абад тазалык” муниципалдык мекемеси эки унаасын аукционго алып чыкты. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриянын басма сөз кызматы тараткан маалыматта айтылат.
Маалыматка ылайык, Жалал-Абад шаарынын Муниципалдык менчик башкармалыгы объектилерди ижарага берүүгө жана сатууга аукцион жарыялаган.
“Жалал-Абад тазалык мекемесиндеги 1990-жылы чыккан 1 даана Мерседес-Бенц 410 үлгүсүндөгү кичи автобус (Баштапкы баасы 40800 сом.) жана 2008-жылы чыккан 1 даана ГАЗ-3309 үлгүсүндөгү атайын таштанды ташуучу автоунаасы (Баштапкы баасы 10692 сом.) аукцион аркылуу сатылат”,- деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле маалыматта мэриянын коммуналдык чарба департаментиндеги 2011-жылы чыккан 1 даана Донг-Фенг үлгүсүндөгү самосвал автоунаасын электрондук аукцион аркылуу сатылары белгиленген. Анын баштапкы баасы 96000 сом деп көрсөтүлгөн.
Электрондук ачык аукцион 2021-жылдын, 11-октябрь күнү өткөрүлөт.
Жогорудагы өткөрүлө турган электрондук ачык аукциондор (www.etp.okmot.kg) интернет сайты аркылуу электрондук тартипте өткөзүлөт.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом