«Бизди эч ким сындыра албайт» — Садыр Жапаров «Бишкек Аренанын» ачылышында

05.10.2026 | 19:50
«Бизди эч ким сындыра албайт» — Садыр Жапаров «Бишкек Аренанын» ачылышында — Новости Кыргызстана

Президент Садыр Жапаров Бишкекте «Бишкек Арена» стадионунун расмий ачылышында Кыргызстанда дагы он ири стадион куруу пландалып жатканын билдирди.

«Эң негизгиси тынчтык, биримдик, ынтымак болуп турса, экономикабыз мындан ары дагы өсө берет, бизди эч ким сындыра албайт. Мындай стадиондун дагы онун салабыз!» — деди мамлекет башчысы.

Жапаров кыргызстандыктарды жана өлкө меймандарын стадиондун расмий ачылышы менен куттуктап, анын командасы бийликке келгенден бери туура алты жыл өткөнүн белгиледи. Президенттин айтымында, бул аралыкта Кыргызстанда 1 миң 75 имарат жана башка объектилер курулган.

«Алты жылдын ичинде 1075 ушундай имараттарды, объекттерди курган болсок, ошонун бири мына бүгүнкү ушу Бишкек Арена стадиону», — деп билдирди ал.

Мамлекет башчысы курулган объектилердин катарына мектептер, бала бакчалар, ооруканалар, маданият мекемелери жана башка социалдык жайлар кирерин тактады. Мындан тышкары, анын айтымында, алты жылдын ичинде өлкөдө 521 завод жана фабрика курулган.

Жапаров «Бишкек Аренанын» курулушуна карата айтылган сын-пикирлерге өзүнчө токтолду. Анын айтымында, стадион ачылардын алдында анын ордуна өнөр жай ишканаларын куруу керек болчу деген пикирлер айтылган.

Президент бийлик бир эле учурда социалдык жана спорттук объектилерди да, завод-фабрикаларды да куруу менен алектенип жатканын айтты.

«Ушул стадионду куруп бүтүп, ачылышын берип жатканда өткөндө мен ар кандай сөздөрдү уктум: “Ушундан көрө завод-фабрика салып койбойбу” деп. Завод-фабрикаларды да салып жатканыбызды мына мен жогоруда айтып өттүм — 521», — деди Жапаров.

Анын айтымында, жаңы стадион да киреше алып келиши керек.

«Бул стадион дагы ошол заводдордун бир орточо, же болбосо чоңураагын алганда дагы, ошол заводдон кем эмес доход алып келип берип турат. Мына көрүп атасыздар, кезекке тура башташты», — деди президент.

Жапаров ошондой эле калктын басымдуу бөлүгүнүн колдоосун сезип жатканын жана тандалган багытты улантуу ниетинде экенин белгиледи.

«Мен сиздердин басымдуу көпчүлүгүңүздөрдүн, калың элдин колдоосун сезип турам. Ошондуктан биз илгери гана кете беребиз, экономикабыз мындан ары дагы өсүү темпин токтотпойт», — деди ал.

Президент сөзүнүн кыйла бөлүгүн өлкөдөгү экономикалык кырдаалга арнады.

Анын айтымында, 2020-жылдын аягында мамлекеттик бюджет оор абалда болуп, тартыштык (дефицит) жаралып, бийлик тышкы карызды төлөө маселесинде айла таппай турган. Ошол эле учурда, Жапаров билдиргендей, 2021-жыл 187 миллиард сом өлчөмүндөгү «бюджеттин таза кирешеси» менен жабылган.

Президент ошондой эле ИДПнын өсүшү 2021-жылдын аягында башталып, ошондон бери уланып келе жатканын маалымдады.

«Биздин ички дүң продукциябыз 21-жылдын аягында мына өсө баштаган, 9 пайыздан кем эмес. Мына акыркы 4-5 жылда токтобой өсүп келет», — деди мамлекет башчысы.

Жапаров чет элдик ЖМКлардын 2022-жылы Орусия менен Украинанын ортосундагы жаңжал башталгандан кийин Кыргызстандын экономикасынын өсүшү реэкспорт менен байланыштуу деген божомолдоруна да комментарий берди.

Президент мындай пикирлерге макул болгон жок жана өлкөнүн экономикалык көрсөткүчтөрү 2022-жылга чейин эле өсө баштаганын белгиледи.

«2021-жылдын аягын карагыла — ошондон бери түшпөй келет», — деди ал.

Экономиканын өсүшүн Жапаров кылмыштуулук жана коррупция менен күрөшүүгө байланыштырды.

«Биз экономикабызды криминалды жок кылгандан, коррупцияны жок кылып жаткандан — 100 пайыз жок кыла албасак дагы, күрөшүп жатабыз, жок кылабыз акыры барып түбүн. Мына ошонун пайдасынан биздин экономикабыз ушинтип өсүп жатат», — деди президент.

Ошону менен бирге Жапаров өлкөнү андан ары өнүктүрүүнүн башкы шарты катары тынчтыкты, биримдикти жана ынтымакты сактоону атады. Мамлекет башчысы бийликтин жаңы объектилерди куруу жана ар кандай тармактарды өнүктүрүү пландары тууралуу да айтып өттү.

«Миңдеген спутниктерди учурабыз! Завод, фабрикаларды салабыз! Жана социалдык объекттерди — мектеп, бала бакчаларды салабыз», — деп билдирди ал.

Президент 2027-жылга коюлган пландарга өзүнчө токтолду. Анын айтымында, бийлик бир жыл ичинде 111 мектеп жана 44 райондук оорукана бөлүмүн куруп бүтүрүү максатын койду.

Жапаров 2028-жылдан тарта өлкөдө мектептердин жана башка социалдык объектилердин жетишсиздиги маселесин биротоло чечүүгө мүмкүн болоруна ишеним билдирди.

«Кудай буюрса, 27-жылы 111 мектеп, 44 райондук оорукана бөлүмдөрүнүн бардыгын бир жылда салып бүтүрөбүз деген алдыбызга максатты койдук. 28-жылдан баштап мектеп, жанагындай ушундай социалдык объекттердин проблемасы болбойт», — деди президент.

Сөзүнүн соңунда өлкө жетекчиси жарандарды «Бишкек Аренанын» расмий ачылышы менен дагы бир ирет куттуктап, жаңы спорттук объектилердин курулушу уланарына үмүт артты.

«Мындай стадиондун алдыда келе жаткан жылдары ондогонун ачалы, жалаң жакшылыкта эле жүрө берели! Алга, Кыргызстан!» — деп сөзүн жыйынтыктады Жапаров.

Анара Мамытова

Scroll to Top