Кыргызстандагы ар бир мектепке ИИМдин жетекчилик курамынан кызматкер бекитилди

Кыргызстандагы ар бир мектепке жашы жете электердин иштери боюнча инспектордон тышкары, ИИМдин жетекчилик курамынан кызматкер бекитилди. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Бишкектеги Б. Н. Ельцин атындагы Кыргыз-Орусия Славян университетинде окуучулардын коопсуздугу жана жашы жете электер арасындагы кылмыштуулуктун, укук бузуулардын алдын алуу маселелери боюнча кеңешме өттү.
Ага ИИМдин өкүлдөрү, ошондой эле Бишкек шаары менен Чүй облусунун мектеп директорлору катышты.
Катышуучулар окуучулар арасындагы мушташтарды, тоноолорду, акча талап кылууну (опузалоону) жана башка укук бузууларды алдын алуу чараларын талкуулашты. Ошондой эле билим берүү мекемелеринде коопсуздукту күчөтүү жана балдар, алардын ата-энелери менен түшүндүрүү-профилактикалык иштерин уюштуруу маселелери каралды.
Жашы жете электердин арасында суициддик жүрүм-турумдун алдын алууга өзгөчө көңүл бурулду.
ИИМ өкүлдөрү балдардын укуктары менен мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо, алардын коопсуздугун камсыздоо, ошондой эле милиция кызматкерлеринин мектеп жетекчилиги, мугалимдер жана ата-энелер менен дайыма тыгыз байланышта иштешүүсүнүн зарылдыгын белгилешти.
Ведомстводон өлкөдөгү ар бир мектепке жашы жете электердин иштери боюнча инспектордон тышкары, ИИМдин жетекчилик курамынан да кызматкер бекитилгенин маалымдашты.
Мындан ары милиция кызматкерлери билим берүү мекемелеринин жетекчилиги менен биргеликте алдын алуу чараларын күчөтүү, окуучулардын коопсуздугун камсыздоо жана жашы жете электер арасында укук бузууларды болтурбоо багытындагы иштерди улантышат.