Банктар сом менен чет өлкөлүк валютага караганда 15 эсе көп депозит кабыл алыштыБанктардагы жаңы депозиттердин көлөмү сегиз айда 29%га өстүБишкекте турак үйлөрдөн жасалма алкоголдук ичимдиктерди өндүрүү жайлары аныкталдыКР коргоо министринин мурдагы орун басары Бишкектин кырсыктарга даяр эместигин эскерттиҮй-бүлөлүк зомбулуктун 68%га өсүшү: Кыргызстанда жаңы чаралар сунушталуудаӨзбекстан Самарканд тууралуу жарыяланган посттор үчүн Ирандын элчисине нааразылык нотасын тапшырды
«Бишкек Аренада» стадиондун ачылышына арналган масштабдуу концерт башталды
05.10.2026 | 19:13

«Бишкек Арена» стадионунда анын расмий ачылышына арналган концерт башталды. Иш-чарага кеминде 51 миң көрүүчү чогулары күтүлүүдө.
Негизги концерттик программанын алдында көрүүчүлөр үчүн Өзбекстандан келген DJ King Macarella өз өнөрүн тартуулады. Музыкант заманбап электрондук музыка менен улуттук обондор айкалышкан программасын сунуштап, кеченин негизги хедлайнерлери — LMFAO тобунан Redfoo жана Party Rock Crew сахнага чыгар алдында көрүүчүлөрдүн маанайын көтөрдү.
Ошондой эле сахнага Казакстандан келген өнөрпоздор — Ninety One, «Ирина Кайратовна», Кайрат Нуртас жана Yenlik чыгышат.
Кыргызстандын атынан Бек Борбиев, Мирбек Атабеков, Азат Раимбердиев, Eles Band, Jax жана King Macarella ырдашат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом