«Бизди эч ким сындыра албайт» — Садыр Жапаров «Бишкек Аренанын» ачылышында«Бишкек Аренада» стадиондун ачылышына арналган масштабдуу концерт башталдыЖаңы Зеландияда дүйнөдөгү эң оор курт-кумурсканы жок болуп кетүүдөн сактап калышты2026-жылдагы медицина боюнча Нобель сыйлыгы оптогенетиканы жаратканы үчүн ыйгарылдыКыргызстандагы ар бир мектепке ИИМдин жетекчилик курамынан кызматкер бекитилдиКыргызстандын кайсы банкы эң көп насыя берген
Бишкекте үй-тиричилик товарларын жана техникаларын чыгарган өндүрүштүк аянтча ачылды
29.09.2026 | 17:47
Бишкек шаарында үй-тиричилик товарларын жана тиричилик техникаларын чыгарган Kampa Industrial Park өндүрүштүк аянтчасы ишке киргизилди. Бул тууралуу Кыргызстандын Инвестициялар боюнча улуттук агенттик билдирди.
Ачылыш аземге Кыргызстандын Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин жана бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү катышты.
Аталган аянтчада LAMIS, CAISER жана BLESK бренддеринин үй-тиричилик буюмдары чыгарылат. Ошондой эле Midea, Haier жана Baumann продукцияларын өндүрүү жана сатуу пландалууда. Ишкананын ишке кириши 200гө жакын жумуш ордун түзүүнү карайт.
Агенттиктин маалыматында, өндүрүлгөн товарлардын бир бөлүгү «Кыргызстанда өндүрүлгөн» (Made in Kyrgyzstan) маркировкасы менен экспортко чыгарылат.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика
Теги: өндүрүш



