Маммүлктү башкаруу агенттигинде 336,7 млн сомдук жана $3,6 млндук мыйзам бузуулар аныкталды — Эсептөө палатасы

Кыргызстандын Эсептөө палатасы Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттикке (ГАУГИ) жана анын ведомстволук түзүмдөрүнө жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгында 336,7 миллион сом жана 3,6 миллион доллар өлчөмүндөгү каржылык мыйзам бузууларды тапты. Бул тууралуу өлкөнүн башкы көзөмөл органынын басма сөз кызматы билдирди.
Текшерүүнүн жүрүшүндө 40,6 миллион сом кайра калыбына келтирилгени белгиленет.
Эсептөө палатасынын басма сөз кызматы тактагандай, аудит 2025-жыл үчүн бюджеттин аткарылышына, анын ичинде республикалык бюджеттин киреше бөлүгүнө байланыштуу жүргүзүлгөн.
Алсак, отчеттук мезгилде мамлекеттик мүлктү башкаруудан түшкөн каражаттын жалпы көлөмү 27 миллиард 455,3 миллион сомду түзгөн. Анын негизги бөлүгүн дивиденддер түздү — 26 миллиард 636,4 миллион сом. Ал эми мамлекеттик ишканалардын таза пайдасынан түшкөн каражат 2,7 миллион сом болгон.

58 мамлекеттик ишкананын ичинен 43ү 2025-жылды пайда менен аяктаган.
Мындан тышкары, аудиторлор «Мамлекеттик мүлктүн бирдиктүү реестри» ведомстволор аралык маалыматтык тутуму менен «Борборлоштурулган бухгалтердик эсеп» программасынын маалыматтарын салыштырып чыгышкан. Натыйжада 12 миллиард 752,9 миллион сомдук дал келбестик аныкталган.
Эсептөө палатасы мындай айырмачылык мамлекеттик мүлктү эсепке алууда жана отчеттуулукту жүргүзүүдө олуттуу кемчиликтер менен системалык көйгөйлөр бар экенин далилдей турганын белгиледи.
Аудиттин жыйынтыгы боюнча аныкталган кемчиликтерди жоюу, эсепке алуу жана отчеттуулук системаларын өркүндөтүү, ошондой эле мамлекеттик мүлктү башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу сунушталды.