Ички иштер министринин мурдагы орун басары каза болду

Ички иштер министринин мурдагы орун басары каза болду

Ички иштер министринин мурдагы биринчи орун басары, милициянын генерал-майору Сабырбек Курманалиев каза болду. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы кабарлады.

“Ички иштер органдары оор жоготууга учурады. Каргашалуу өлүм биздин катардан  өз өмүрүн бүт милиция кызматына арнаган татыктуу офицерден айрыды. Ал өз убагында  эл алдында кызматын абийирдүү аткарып, ички иштер органдарынын кызматкерлеринин жана ардагерлеринин арасында кадыр-баркы жогору болгон. Сабырбек Курманалиевдин  милициянын ишин жакшыртууга, кылмыштуулукка каршы күрөшүүгө жана коомдук коопсуздукту камсыздоого кошкон салымы чоң.

ИИМдин жетекчилиги, коллегия мүчөлөрү, Генералдар клубу, Ардагерлер кеңеши, андан сырткары ички иштер министрлигинин өздүк курамы милициянын генерал-майору Сабырбек Курманалиевдин мезгилсиз дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу аза күтөт жана туугандарына, жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат. Бүгүн милициянын генерал-майору Сабырбек Курманалиев Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Доктурбек Курманалиев айылында аскердик жөрөлгөлөр менен акыркы сапарга узатылат”, — деп айтылат маалыматта.

Сабырбек Курманалиев 1954-жылы Чүй облусунун Дмитриевка айылында туулган. 1978-жылы Фрунзедеги политехникалык институтунун инженер-курулушчу адистиги боюнча аяктаган.1992-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин юриспруденция адистиги боюнча аяктаган. Ички иштер органдарындагы кызматын 1980-жылы Сокулук районунун аткаруу комитетинин ИИБдин жашы жете электердин иштери боюнча аймактык тескөөчү болуп баштаган. 1984-1987-жылы Кара-Балта шаарынын аткаруу комитетинин ИИБдин жашы жете электердин иштери боюнча аймактык тескөөчүсү болуп иштеген. 1988-1993-жылы Кара-Балта шаарынын ИИБдин экономикалык кылмыштар менен күрөшүү боюнча бөлүмүн жетектеген.  1993-жылы Чүй облусунун Ысык-Ата районунун ИИБдин башчысынын орун басары кызматын аркалаган.  1995-1998-жылдары ИИМдин Жалал-Абад облусу боюнча экономикалык кылмыштар менен күрөшүү боюнча башкы башкармалыгынын бөлүм башчысы болуп иштеген.1999-2004-жылдар ичинде Чүй облусунун Сокулук районунун ИИБдин башчысы. 2004-жылы ИИМдин кызматтык кылмыштар менен күрөшүү боюнча башкы башкармалыгынын башчысы болуп дайындалган. 2005-жылдан 2008-жылдын аянварь айына чейин Нарын ОИИБдин башчысы, 2008-жылдын январынан август айына чейин Чүй ОИИБдин башчысы кызматтарын аркалаган. 2008-2010-жылдары Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин биринчи орун басары кызматын аркалаган.

Кызматындагы эмгектери үчүн «Күжүрмөн кызмат өтөгөндүндүгү үчүн» медалы менен башка мамлекеттик жана түзүмдүк сыйлыктар менен сыйланган. Милициянын генерал-майору наамына жеткен.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>