Көк бөрү боюнча финалдар жана Көчмөндөр оюндарынын жабылышы: Кыргызстан боюнча фан-аймактардын даректери

Трибуналарга билет сатып алууга жетишпей калган күйөрмандар үчүн Кыргызстан боюнча чоң экрандары бар акысыз фан-аймактар уюштурулду. Көрүүчүлөр көк бөрү жана көкпар боюнча алтын медаль үчүн болгон чечүүчү беттештерди, ошондой эле VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу жабылыш аземин түз эфирде көрө алышат.
Негизги шаарлардагы фан-аймактардын даректери:
• Бишкек: Турдакун Усубалиев атындагы Эски аянт;
• Ош: Борбордук аянт (Алымбек Датка көчөсү, 221);
• Жалал-Абад облусу: Манас шаары, «Азаттык» аянты;
• Чүй облусу: Токмок шаары, С. Ибраимов атындагы аянт;
• Талас: Шаардык борбордук ат майданы;
• Ысык-Көл облусу: Бает айылы («Чайка Резорт» эс алуу жайынын жээги) жана «Дордой Номад» амфитеатры.
Мындан тышкары, түз эфир көрсөтүлүүчү аянтчалар Баткен, Кызыл-Кыя, Сүлүктү, Кадамжай, Исфана (Лейлек), Нарын, Кочкор, Ат-Башы, Чаек, Баетов жана Аравандын маданият үйлөрүндө, театрларында жана борбордук аянттарында ачылды.