Садыр Жапаров COP17 саммитинде Ысык-Көлдү коргоо боюнча трасттык фонд түзүүнү сунуштадыКыргызстанда чет өлкөлүк номерлүү унаалардын кирүү эрежелери өзгөртүлдү — толук маалыматОш шаарында «Сулайман-Тоо» эл аралык кинофестивалы өтөт2027-жылдан тарта Кыргызстанда сотто өкүлчүлүк кылуу үчүн юристтерге окуудан өтүү талабы коюлатКытай Кореядан озуп кетти: Кыргызстанга эми кайсы унаалар көбүрөөк ташылып жатат?Бактыбек Анаркулов Суу ресурстары кызматынын директору болуп дайындалды
Бишкекте Маданият университетинин аймагында бак-дарактар мыйзамсыз кыйылган
04.09.2026 | 10:28

Жаратылыш ресурстары министрлигинин Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Бишкек шаары жана Аламүдүн району боюнча инспекторлору Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз улуттук маданият жана искусство университетинин аймагында жашыл бак-дарактарды мыйзамсыз кыюу фактысын аныкташты.
Текшерүү учурунда бактар милдеттүү түрдө берилүүчү уруксат кагаздары жок, өзүмбилемдик менен кыйылганы такталды. Адистердин эсеби боюнча, курчап турган чөйрөгө келтирилген зыяндын көлөмү 23 906 сомду түздү.

Топтолгон бардык материалдар жана протоколдор юридикалык баа берүү жана күнөөлүүлөрдү мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартуу үчүн укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди.
Теги: минприроды