Министрлер Кабинети Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги жөнүндө жобону бекитти. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, документ президенттин илим, билим берүү, инновациялар жана интеллектуалдык менчик чөйрөсүндө мамлекеттик башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу жөнүндөгү жарлыгын ишке ашыруу максатында кабыл алынды.
Документ министрликтин ишин тартибин белгилейт жана анын түзүмүн аныктайт.
Ошондой эле бул токтом менен аталган министрликтин башкаруу схемасы бекитилди.
Ага ылайык, буга чейин Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин алдындагы Интеллектуалдык менчик мамлекеттик фонду менен “Инновациялык борбор” мамлекеттик мекемеси эми мындан ары Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигине карайт.