Бишкекте кичи футбол боюнча «Евразия Кубогунун» экинчи турнири өттүБишкекте ШКУ өлкөлөрү «Жашыл технологиялык коридорду» түзүүнү макулдашышты«Амели» тасмасынын жылдызы Одри Тоту Бишкектеги кинофестивалдын ардактуу коногу болотКыргызстан менен Түштүк Корея экспортту жана өнөр жай кызматташтыгын кеңейтүүнү макулдашты23-майга карата аба ырайыСалт эмес, трагедия: ала качууну кайтарууга кимдер аракет кылууда
Индия-Пакистан куралдуу кагылышынан 36 адам каза болгону айтылды
07.05.2025 | 16:41
Индия менен Пакистандын ортосундагы куралдуу кагылышуудан жалпы 36 киши каза болуп, 94 адам жарадар болгонун The Insider интернет-басылмасы жазып чыкты.
Reuters агенттиги пакистандык бийликке шилтеме берип, Индия тараптан жасалган соккулардан Пакистандын 26 жай тургуну каза болгонун, ал эми 46 адам жараланганын жазды. Ал эми Индия өзүнүн 10 жараны каза таап, 48и жарадар болгонун билдирген.
Эске салсак, 7-майга караган түнү Индиянын куралдуу күчтөрү Пакистандагы террордук инфраструктурага сокку урган Синдоор операциясын баштаган. Жалпысынан тогуз объектке чабуул жасалган. Ислам Республикасы пропорционалдуу эмес сокку менен жооп кайтарууга убада берген.
https://reporter.kg/pakistan-indiyaga-raketalyk-sokku-urdu-emneler-belgilyy/
Рубрики: Дүйнө, Жаңылыктар