Ирандын президенти ШКУ саммитине катышуу үчүн Кыргызстанга келди

31.08.2026 | 13:39
Ирандын президенти ШКУ саммитине катышуу үчүн Кыргызстанга келди — Новости Кыргызстана

Бүгүн, 31-августта, Иран Ислам Республикасынын президенти Масуд Пезешкиан Кыргызстанга иш сапары менен келди. Ал ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин жыйынына, «ШКУ плюс» форматындагы жолугушууга катышат. Бул тууралуу КРдин Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Ошондой эле Пезешкиан VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине да катышат. Аны «Манас» эл аралык аэропортунан Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев тосуп алды.

Тосуп алуу учурунда Ирандын президентине Кыргызстандын жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын символу болгон илбирстин оюнчугу белекке берилди.

Белгилей кетсек, 31-августта жана 1-сентябрда Бишкекте Шанхай кызматташтык уюмунун 25 жылдыгына карата саммит өтөт. Жогорку деңгээлдеги иш-чара Кыргызстандын уюмга төрагалык кылган убакта өтүүдө.

Scroll to Top