Курулушту кечиктирген ишканаларга жаңы объектилерди курууга уруксат берилбейт

05.11.2026 | 11:33
Компаниям, задерживающим строительство, не разрешат возводить новые объекты — Новости Кыргызстана

Курулуш объектилерин белгиленген мөөнөттө бүтүрбөй жаткан компанияларга башка жаңы имараттарды курууга уруксат берилбейт. Мындай тапшырманы курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев берди.

Курулуш министрлигинин маалыматында, 4-ноябрда Орунтаев курулуш иштери кечеңдеп жаткан 31 ишкананын өкүлдөрү менен жыйын өткөргөн. Отурумда жарандардын кайрылууларынын негизинде объектилердин абалы жана иштердин өз убагында бүтпөй жатышынын себептери каралган.

Жыйында министр милдеттенмелерин аткарбаган компанияларга курулушка уруксат бербөө жана объектилерди көзөмөлгө алуу талабын койгон. Мындан тышкары, айрым курулуш компанияларынын ишмердүүлүгү боюнча материалдар укуктук баа берүү үчүн укук коргоо органдарына жөнөтүлөрүн билдирген.

Эске салсак, буга чейин министрдин буйругу менен «нөл цикли» бүтө элек, башкача айтканда, пайдубалы түптөлүп, жер алдындагы курулуш иштери толук аяктай элек имараттардан батир же коммерциялык жайларды сатууга жана аларды жарнамалоого тыюу салынган.

Scroll to Top