Binance’тагы хакердик чабуулдан кийин жарандарга коопсуздук чараларын күчөтүү сунушталды

30.10.2026 | 16:51
Binance’тагы хакердик чабуулдан кийин жарандарга коопсуздук чараларын күчөтүү сунушталды — Новости Кыргызстана

Кыргызстандын Виртуалдык активдер жана блокчейн-технологиялар боюнча улуттук агенттиги (НАВА) «Binance» криптовалюталык платформасына жасалган киберчабуулга байланыштуу жарандарга өздүк аккаунттарды жана крипто-капчыктарды коргоо чараларын күчөтүүнү сунуштады.

Агенттик киберкоопсуздук коркунучтары сакталган шартта жасалма сайттар, зыяндуу шилтемелер жана аккаунттарга уруксатсыз кирүү аракеттери аркылуу алдамчылык тобокелдиктери пайда болорун эскертти.

Ошондой эле кыргызстандыктарды төмөнкү коопсуздук эрежелерин сактоого чакырды:

  • эки факторлуу аутентификацияны (2FA) жана сырсөздөрдү колдонуу аркылуу аккаунттар менен электрондук почтанын корголушун камсыздоо;
  • белгисиз шилтемелерге кирбөө жана келген билдирүүлөрдүн аныктыгын текшерүү;
  • сырсөздөрдү, тастыктоо коддорун, купуя ачкычтарды жана капчыкты калыбына келтирүүчү жашыруун сөздөрдү башкаларга бербөө;
  • компенсация төлөө, техникалык мүчүлүштүктөр же каражат которуу тууралуу маалыматтарды расмий булактардан тактоо;
  • жүргүзүлгөн операциялардын тарыхын жана туташкан түзүлүштөрдү текшерип туруу;
  • виртуалдык активдерди тейлеген компаниялардын лицензиясынын бар экенин НАВАнын расмий реестри аркылуу текшерүү.

Эске салсак, 30-октябрда Binance криптовалюталык биржасынын хакердик чабуул жасалганы белгилүү болду. Компания кардарлардын жоготууларын «SAFU» резервдик фонду жана өздүк каражаттары аркылуу жаба турганын маалымдады.

Теги: Binance, хакер
Scroll to Top