Бишкектин көчөсүндө кызды курал менен коркуткан шектүү кармалды

Бишкек шаарында көчөдө кызды курал менен коркутканга шектелип 37 жаштагы эркек киши кармалды. Бул тууралуу Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 29-октябрда саат 10:25 чамасында «102» кызматына Чыңгыз Айтматов проспектиси менен Горький көчөсүнүн кесилишинде автоунаада отурган адам кызга сөгүнгөн сөздөрдү айтып, куралга окшош нерсе менен коркутуп жаткандыгы тууралуу билдирүү түшкөн.
Милиция кызматкерлери жүргүзгөн иш-чаралардын негизинде шектүү аныкталып, Ленин РИИБинин тергөө кызматына жеткирилди.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин «Бейбаштык» беренеси менен кылмыш иши козголгон. Текшерүү учурунда аталган курал алынып, автоунаа айып короосуна токтотулган. Учурда соттук экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары уланып жатканы айтылды.