Караколдо 18 батирди тоногон киши кармалды

Караколдо 18 батирди тоногон киши кармалды

Каракол шаарында бир катар батирдик уурулукка тиешеси бар жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, уурулукка шектүү делип Нарын облусунун тургуну, Каракол шаарында убактылуу жашаган 43 жаштагы Ж.Б. кармалды.

“Белгисиз жарандар жарандардын турак жайларына кирип, негизинен тиричилик техникаларын, баалуу буюмдарды жана ар кандай үй эмеректерин уурдап кетишкен. Кылмышка шектүүнүн изине түшүү үчүн, кылмыш иликтөө кызматынын ыкчам кызматкерлерине дээрлик жарым жыл талап кылынды.

Козголгон кылмыш иштеринин алкагында кармалган жарандын жана анын тааныштарынын үйүндө мыйзамдуу тинтүү иштери жүргүзүлдү. Тинтүү учурунда уурдалган 40тан ашык буюм табылып алынды, алардын бир бөлүгү жабыркаган арыз ээлери тарабынан танылып чыкты”, — деп айтылат маалыматта.

Шектүү 18 батирдик уурдоо фактысына тиешеси бар экени аныкталган. Шаардык соттун чечими менен шектүү камакка алынды.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>