Кыздарды кызматка көбүрөөк көтөрүш керек, — Адахан Мадумаров

Кыздарды кызматка көбүрөөк көтөрүш керек, — Адахан Мадумаров

Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында депутат Адахан Мадумаров экономика жана коммерция министринин орун басары Чыңгыз Макешовдун суроого жооп бере албагынын сындады.

Жыйынында “Кыргыз Республикасынын стратегиялык объектилери жөнүндөгү” мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүүлөр биринчи окууда каралып жаткан.

Адахан Мадумаров мамлекеттин карамагындагы жана жеке менчиктеги стратегиялык объектилер тууралуу сөз кылып, алардын коопсуздугуна байланышкан суроолорду узатты.

Гидростанциялардын коопсуздугун кимдер көзөмөлдөп жатат? деген депутаттын суроосуна Чыңгыз Макешов жооп бере албагандыктан, ага бөлүм башчы жооп берди.

Мындан улам депутат: “Кыздарды кызматка көбүрөөк көтөрүш керек. Кыздар көбүрөөк окуйт, көбүрөөк билишет. Аларды суфлер катары эмес, жетекчи катары дагы колдонуш керек. Кыздардын, аялдардын колунан көп нерсе келет. Ушинтип жооп берүү кыйынбы?”, — деп министрдин орун басарына кайрылды.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>