Баткенде чек ара жаңжалынан жабыркаган 180 жаранга экинчи турак жайлары берилүүдө

11.11.2026 | 14:49
В Баткене 180 пострадавшим от приграничного конфликта предоставляют второе жилье — Новости Кыргызстана

Баткен облусунда чек ара жаңжалында жабыркаган жана аймактарды алмашууда турак жайсыз калган жарандардын экинчи үйлөрү чүчү кулак аркылуу бөлүштүрүлүп берилди. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү билдирди.

Чүчү кулак 2021–2022-жылдары кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышуу учурунда бир тилкедеги эки үйү тең жараксыз абалга келгендердин экинчи турак жайы үчүн, ошондой эле чек ара тилкелерин алмашуу учурунда турак жайсыз калган жарандар үчүн өткөрүлгөн. Жарандар өздөрү тарткан номурлар боюнча үйлөрдү алышат.

Өкүлчүлүктүн маалыматында, Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда аймактарды алмашуунун негизинде Тажикстандан Кыргызстанга жалпы 213 үй өткөн. Аталган турак жайлар 180 жаранга берилүүдө.

Үйлөрдү атайын түзүлгөн жумушчу топ бөлүштүрүүдө. Ага облус башчысынын биринчи орун басары Бактыбек Токсонбаевдин катышкан.

Теги: Баткен
Scroll to Top