Бишкекте жол талашкан автобустар сүзүшүп, узун тыгын жаратышканОш мэринин биринчи орун басары дайындалдыПрезидент ИИМ менен УКМКнын жетекчилерине жогорку аскердик наамдарды ыйгарды7-класстар үчүн «Табигый илимдер» окуу китеби басылып чыктыӨзгөчө кырдаалдар министрлигине 116 даана жаңы атайын техника тапшырылдыБаткен облусунун Мурас айылынын үч миңден ашык тургуну таза ичүүчү суу менен камсыз кылынат
Кайрат Турсункулов тышкы иштер министринин орун басары болуп дайындалды
27.01.2026 | 16:25

Кайрат Турсункулов тышкы иштер министринин орун басары болуп дайындалды. Тиешелүү тескемеге өкмөт башчы Адылбек Касымалиев кол койду.
Бүгүн, 27-январда, Тышкы иштер министрлигинин жамаатына жаңы орун басар тааныштырылды. Президенттик администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сагынбек Абдумуталип Турсункуловдун тажрыйбасы өлкөнүн эл аралык байланыштарын бекемдөөгө өбөлгө түзөрүн белгиледи.
40 жаштагы Кайрат Турсункулов 2009-жылдан бери Тышкы иштер министрлигинин тутумунда эмгектенип келет. Ал өкмөттүк аппаратта, ошондой эле Кыргызстандын Германиядагы, Австриядагы жана Бельгиядагы элчиликтеринде иштеген. 1-класстагы кеңешчи дипломатиялык рангына ээ.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат