Кыргызстан ТМУдагы өнөктөштөрүнө бирдиктүү фармацевтикалык платформа түзүүнү сунуштадыПрезиденттин Иш башкармалыгы «Кыргыз почтасынын» негизги акционери болдуФАО Азиядагы күрүч түшүмүнө Эль-Ниньонун таасири тууралуу эскерттиКыргызстанда 133 миң педагог эмгектенет — Мугалимдер күнүнө карата маалыматКыргызстан 14 медаль менен Азиада-2026ны 26-орунда жыйынтыктадыФАО: дүйнөдө дан эгиндерин өндүрүү 2026-жылы 2,1%га азаят
Казакстандан келген 8,5 тонна коон кайра артка кайтарылды
24.06.2026 | 11:08

Казакстандан Кыргызстанга ташылып келе жаткан 8,5 тонна коон өлкөгө киргизилген жок. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.
Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаменти тарабынан «Чалдыбар» фитосанитардык көзөмөлдөө постундагы текшерүү учурунда жүктүн жөнөтүүчү жана кабыл алуучу тууралуу маалыматтары дал келбестиги аныкталган. Бул жагдай ЕАЭБдин жана Кыргызстандын фитосанитардык талаптарын бузуу болуп саналат.
Мындан улам жүк Казакстанга кайра кайтарылган. Мекеме өлкөнүн фитосанитардык коопсуздугун камсыздоо максатында мамлекеттик чек араларда көзөмөл иштерин улантылып жатканын билдирди.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика
Теги: Казакстан