Мультипликативдик эффектке ээ инвестициялар: Бишкекте өндүрүштү өнүктүрүү үчүн фондулук рыноктун мүмкүнчүлүктөрү сунушталды

24.06.2026 | 11:00

Бишкекте өнөр жай, фондулук рынок өкүлдөрүнүн жана потенциалдуу инвесторлордун жолугушуусу өттү. Ал өндүрүшкө узак мөөнөттүү инвестицияларды тартуу механизмдерине жана ата мекендик ишканалардын IPOго чыгуу келечегине арналды.

Мультипликативдик эффектке ээ инвестициялар: Бишкекте өндүрүштү өнүктүрүү үчүн фондулук рыноктун мүмкүнчүлүктөрү сунушталды — Новости Кыргыз

Болотко болгон суроо-талап

Кыргызстандын калкы жыл сайын болжол менен 150 миң кишиге көбөйүүдө, бул жаңы турак жайларга, социалдык объекттерге жана коммерциялык кыймылсыз мүлккө болгон муктаждыкты жаратат. Акыркы алты жылда өлкөдө курулуштун көлөмү 7,5 эсеге – 56 миллиарддан 438 миллиард сомго чейин өстү, ал кийинки жылдары турак жай фондунун көлөмүнүн жылдык өсүшү 20%дан ашты.

Курулуш рыногунун кеңейиши арматурага болгон узак мөөнөттүү суроо-талапты камсыздайт – ал жыл сайын 1 миллион тоннадан ашык металл продукциясын түзөт. Ошол эле учурда Кыргызстан дагы эле импортко көз каранды бойдон калууда – муктаждыктын 95%га жакыны Орусиядан келген жүктөр менен камсыздалат. Өздүк өндүрүштү өнүктүрүү тышкы камсыздоочулардан көз карандылыкты этап-этабы менен азайтууга, логистикалык чыгымдарды кыскартууга, импорттук кошумча баадан качууга жана өлкөнүн экспорттук потенциалын жогорулатууга жол ачат.

Бишкекте өнөр жай, фондулук рынок өкүлдөрү жана потенциалдуу инвесторлор мындай мүмкүнчүлүктөрдү бир металлургиялык ишкананын мисалында талкуулашты.

Өндүрүштү кеңейтүүгө басым жасоо

Курулуш секторунун өсүшү жана металл продукциясына болгон муктаждыктын көбүшү ата мекендик металлургияны өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түздү. 2017-жылы Кара-Балта шаарынын өнөр жай зонасында Кыргызстандагы А500С стандартындагы курулуш арматурасын чыгарууга адистешкен толук циклдуу алгачкы металлургиялык «Азия Сталь» заводу иштей баштаган.

Бүгүнкү күндө «Азия Сталь» модернизациялоонун биринчи этабын аяктап жатат, анын алкагында ай сайын чыгарылуучу өндүрүштүк кубаттуулук 2,5 миңден 6 миң тоннага чейин көбөйтүлдү. Келечекте компания бул көрсөткүчтү 14-15 миң тоннага жеткирүүнү, жүгүртүү капиталын көбөйтүүнү, электр дугалык мештеринин базасында электроболот эритүүчү өндүрүштүн жаңы деңгээлине чыгууну жана куруучулар керектүү нерселердин баарын «бир терезе» принциби менен ала алышы үчүн ассортиментти кеңейтүүнү көздөп жатат.

Мультипликативдик эффектке ээ инвестициялар: Бишкекте өндүрүштү өнүктүрүү үчүн фондулук рыноктун мүмкүнчүлүктөрү сунушталды — иллюстрация

Бул этапты ишке ашыруу үчүн компания фондулук рынок аркылуу инвестиция тартууну пландаштырууда. Металлургиялык завод 19 миллион долларлык артыкчылыктуу акцияларды чыгарганын жарыялады. Инвестициялар чекене инвесторлор үчүн да жеткиликтүү: сатып алуу үчүн минималдуу лот – 8 000 сом. Эмитент дивиденддерди чейрек сайын төлөө менен жылдык 19%га чейинки кирешелүүлүктү сунуштайт. Баалуу кагаздардын жүгүртүү мөөнөтү – 36 ай, андан кийин инвесторлорго салынган каражаттын толук суммасы кайтарылып берилет. Муну менен бирге, банктык депозиттерден айырмаланып, баалуу кагаздарды топтолгон пайыздарды жоготпостон экинчилик рынокто сатууга болот.

«Биз үчүн фондулук рынокко чыгуу — бул жөн гана капитал тартуунун жолу эмес, стратегиялык жана узак мөөнөттүү өнөктөштүк. Заводдун өнүгүшүнө тышкы инвесторлор гана эмес, биздин жарандар да катышуусу маанилүү, анткени биз өзүбүздү элдик ишкана катары көрсөтөбүз. Мындан тышкары, бул механизм компания үчүн да, инвесторлор үчүн да ачык-айкын жана түшүнүктүү эрежелерди камсыз кылат», – деп белгиледи «Азия Сталь» компаниясынын башкы директору Мурат Тыныстанов.

Анын божомолунда, жакынкы үч жылда бүтүндөй металлургия тармагынын жигердүү өнүгүшү байкалат.

«Кыргызстандагы металлургия тармагынын пионери болгондуктан, биздин максат — анын лидери болуу. «Азия Сталь» өлкө жетекчилиги тарабыдар колдоого алынган улуттук деңгээлдеги 113 долбоордун катарына кирет жана бул өсүү үчүн кошумча мүмкүнчүлүктөрдү берет.

Ошол эле учурда биз курулуш арматурасын чыгарууда гана эмес, башка багыттарда да келечекти көрүп жатабыз. Металлургия — бул продукциянын кеңири спектри: барак түрүндөгү темирлер, профилдер, бекиткич буюмдар жана башка көптөгөн нерселер. Ошондуктан, жакынкы жылдарда Кыргызстанда металл прокатынын рыногу да, жалпы эле тоо-металлургиялык багыты да жигердүү өнүгөт деп ишенебиз», – деп жыйынтыкады ал.

Мультипликативдик эффектке ээ инвестициялар: Бишкекте өндүрүштү өнүктүрүү үчүн фондулук рыноктун мүмкүнчүлүктөрү сунушталды — контекст событ

Чек арасыз инвестициялар

Фондулук рынок аркылуу инвестициялоо мүмкүнчүлүктөрү тууралуу Envoys Vision Digital Exchange санариптик биржасынын башкармалыгынын төрагасы Алмазбек Шабданов айтып берди.

2021-жылы компания фондулук биржа жана депозитарий лицензияларын алган, ал эми виртуалдык активдер боюнча мыйзамдык база түзүлгөндөн кийин — криптобиржа жана крипто алмаштыруу лицензияларына ээ болгон. Натыйжада салттуу каржылык инструменттерди жана санариптик активдерди бириктирген универсалдуу аянтча түзүлгөн.

Алмазбек Шабдановдун айтымында, милдеттердин бири — дүйнөнүн каалаган бурчунан келген инвесторлор, анын ичинде ири виртуалдык кирешелерин экономиканын реалдуу секторуна өткөрүүнү каалагандар кыргызстандык ишканаларга бир эле чыкылдатуу менен инвестиция сала алышына шарт түзүү.

Ички IPO (акцияларды алгачкы ачык жайгаштыруу) рыногун өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулууда, анткени ата мекендик ишканаларга салынган инвестициялар экономика үчүн мультипликативдик эффект жаратат, өнөр жайдын өнүгүшүнө жана калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатууга өбөлгө түзөт.

Мультипликативдик эффектке ээ инвестициялар: Бишкекте өндүрүштү өнүктүрүү үчүн фондулук рыноктун мүмкүнчүлүктөрү сунушталды — фото 4

«Акыркы жылдары биз туруктуу тенденцияны байкап жатабыз: амбициялуу долбоорлорду ишке ашырып жаткан ишкерлер капитал тартуунун куралы катары фондулук рыноктун, акциялардын жана облигацийлердин мүмкүнчүлүктөрүн жакшыраак түшүнө башташты. Бул инструменттер насыяларга караганда кызыктуураак болуп чыгууда, анткени алар аз күрөө милдеттенмелерин талап кылат», – деди Алмазбек Шабданов.

Ал баалуу кагаздарды коомчулукка ачык жайгаштыруу ачык-айкындуулуктун жогорку деңгээлин жана финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттарынын сакталышын талап кыларын эскертти. Муну менен катар эле бул механизм компанияларга узак мөөнөттүү инвестицияларды алууга жана өздөрүнүн рыноктук репутациясын бекемдөөгө, ал эми инвесторлорго бизнестин өнүгүшүнө коопсуз катышууга жана туруктуу киреше алууга мүмкүндүк берет.

Scroll to Top