Эрназар Акматалиев Астанадагы дүйнө чемпионатында күмүш байгеге ээ болду1-ноябрь: Кыргызстанда күн жылуу болот, абанын температурасы +21° чейин көтөрүлөтБишкектеги Миңжылкыев көчөсү транспорт кыймылы үчүн ачылдыСоода, кызмат көрсөтүү жана ташуу: Кыргызстандагы чакан бизнес эмне менен алектенетКыргызстан ЖККУнун операциясына катышты: 11,4 тонна тыюу салынган зат алындыКыргызстанда чек арадагы радиациялык көзөмөлдү күчөтүү сунушталууда — толугу менен
Келе жаткан окуу жылы 8-класстар үчүн профилге чейинки даярдоо киргизилет
11.08.2026 | 16:14

2026–2027-окуу жылынан тартып мектептердин 8-класстарында профилге чейинки даярдоо компоненти киргизилет. Бул тууралуу Агартуу министрлиги билдирди.
Аталган багыт боюнча окутууга жумасына 2 саат убакыт бөлүнөт. Окуу процесси Кыргыз билим берүү академиясы тарабынан иштелип чыккан 15 программанын негизинде жүргүзүлөт.
Бул компонент окуучулардын жөндөмүн жана ыктоосун аныктоо, ошондой эле келечектеги кесиптик багытын өз алдынча тандоого көмөктөшүү максатында киргизилүүдө.
Тиешелүү программалар жана методикалык сунуштар Кыргыз билим берүү академиясынын сайтына (www.kao.kg) жайгаштырылды.
Рубрики: Жаңылыктар, Илим-билим
Теги: Агартуу министрлиги