Кыргызстандын Ош шаары менен Бразилия ар тараптуу кызматташтыкты тереңдетүүдөКУУ орус тилин үйрөнүү үчүн жасалма интеллект платформасын киргизүү боюнча келишимге кол коётАкыйкатчы институту: мамлекеттик сайттар майыптыгы бар адамдар үчүн ыңгайсызДепутат боксчу Омар Левазага убада кылынган батир боюнча маселени көтөрдүУКМК: баңги заттарды ташыган трансулуттук канал аныкталып, эки жаран кармалдыКелечектин лидерлери: «Росатом» Кыргызстандын жаштарына кандай мүмкүнчүлүктөрдү ачат?
КР ТИМ: Нижнекамскка жасалган чабуулдан жабыркагандардын арасында кыргызстандыктар жок
11.08.2026 | 15:58

Алдын ала маалыматтар боюнча, Нижнекамск (Татарстан) шаарына учкучсуз аппараттардын (дрондордун) массалык чабуулунан улам каза болгондордун жана жабыркагандардын арасында Кыргызстандын жарандары жок. Бул тууралуу КР ТИМ билдирет.
Мекеменин маалыматына караганда, окуянын кесепетинен 13 адам каза болуп, дагы 39 адам жаракат алган.
«Кыргызстандын Казань шаарындагы Башкы консулдугу каза болгондордун жана жабыркагандардын жарандыгы тууралуу маалыматтарды тактоо үчүн Татарстандын жана Орусиянын тиешелүү компетенттүү органдары менен дайыма байланышта болууда», — деп билдиришти тышкы саясат мекемесинен.
Министрликтен маалыматтар дагы улантып такталып жатканын белгилешти.
Күн мурун, 10-августта Нижнекамскка жасалган соккудан Өзбекстандын сегиз жана Тажикстандын бир жараны каза болуп, дагы 20га жакын чет элдик жаран жаракат алганы белгилүү болгон. Соккулар өндүрүштүк гана эмес, жарандык да объектилерге урулганы кабарланган.
Медициналык жардам сурап 78 адам кайрылган, алардын 25и ооруканага жаткырылган. Татарстан
Теги: Кыргызстан, ТИМ