Президент Кыргызстандын Катардагы элчисин дайындадыЖогорку Кеңеште антикинолорду жабуу сунушталдыКыргызстандыктар БАЭден Оман аркылуу эвакуацияланат — Садыр ЖапаровБишкекте Ирандын элчилигинин алдында тилектештик акциясы өтүүдөБишкекте мурдагы «Чатыр-Көл» кинотеатрынын ордуна маданий борбордун курулушу башталдыБишкекте жаңы №62 автобустук каттам ишке киргизилди
ӨКМ: 6 айда ар кандай кырдаалга кабылган 173 адам куткарылды
12.07.2019 | 10:38
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери 6 айдын жыйынтыгында 173 жаранды куткарышты. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 70 адам жол кырсыгына кабылып, аларды унаадан чыгаруу иштерин ӨКМдин куткаруучулары кылышкан. Ошондой эле 46 кишини өрт учурунда имараттардан алып чыгышкан. Мындан тышкары 57 адам ар кандай кырдаалдарга учураган.
“2945 жаранга телефон аркылуу консультативдик жардам көрсөтүлсө, 6 айда ар кандай кырдаалдарга куткаруучуларга байланышуу болгон”, – деп жазылат маалыматта.
Рубрики: Жаңылыктар