Kyrgyzstan Expo жана Expo Eurasia көргөзмөлөрү 15–17-октябрда «Жаштык Аренада» өтөтКараколдо «Открыткаларга түшпөгөн Кыргызстан» аттуу фотовыставка өтөтКыргызстанда башка айып пулдары бар болсо да эвакуацияланган унааларды кайтарып берүү сунушталуудаБишкекте «БишХолдер» эл аралык стол үстүндөгү ролдук оюндар фестивалы өтөтУлуттук банк чет өлкөлөрдөгү банктардын уставдык капиталына жаңы талаптарды сунуштады — долбоорШакира Бишкекке концертинен бир күн мурун, 17-октябрда учуп келет
Кырчында кыргыз-казак төкмө акындарынын эл аралык айтышы өтүүдө
03.09.2026 | 13:58

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында Кырчын жайлоосунда кыргыз-казак төкмө акындарынын эл аралык айтышы өтүп жатат. Кечээ, 2-сентябрда, айтыштын биринчи күнү өттү.
Таймашка Кыргызстандан жана Казакстандан келген акындар катышууда. Алар эки элдин тарыхы, маданияты жана актуалдуу маселелер боюнча өнөрлөрүн көрсөтүштү.
Биринчи күндүн жыйынтыгында калыстар тобунун чечими менен сегиз акын кийинки баскычка өттү. Алар:
- Мухтар Ниязов;
- Мейирбек Султанхан;
- Нурлан Эсенкулов;
- Хазырет Бердихан;
- Элмирбек Иманалиев;
- Акматбек Султан уулу;
- Кутман Садыбакасов;
- Нурсултан Малдыбаев.
Айтыштын экинчи күнү бүгүн, 3-сентябрда, саат 17:00дө башталат. Ал эми финалдык беттеш 4-сентябрда саат 13:00дө Кырчын жайлоосунда өткөрүлөт. Белгидлек кетсек, айтыштын байге фонду 3 млн сомду түзөт.
Рубрики: Жаңылыктар, Маданият