Kyrgyzstan Expo жана Expo Eurasia көргөзмөлөрү 15–17-октябрда «Жаштык Аренада» өтөтКараколдо «Открыткаларга түшпөгөн Кыргызстан» аттуу фотовыставка өтөтКыргызстанда башка айып пулдары бар болсо да эвакуацияланган унааларды кайтарып берүү сунушталуудаБишкекте «БишХолдер» эл аралык стол үстүндөгү ролдук оюндар фестивалы өтөтУлуттук банк чет өлкөлөрдөгү банктардын уставдык капиталына жаңы талаптарды сунуштады — долбоорШакира Бишкекке концертинен бир күн мурун, 17-октябрда учуп келет
Кыргызстан АКШны жеңди: Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарындагы көк бөрү боюнча алгачкы жыйынтыктар
02.09.2026 | 20:59

Чолпон-Атадагы «Көк-Бөрү» аренасында VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында көптөн күткөн көк бөрү таймаштары башталды. Биринчи оюн күнүнүн борбордук беттешинде Кыргызстандын улуттук курама командасы АКШнын командасын 15:7 эсебинде ишенимдүү жеңди.
Оюн күнүнүн башка эки беттешинде Россиянын курамасы Өзбекстандын оюнчуларын (9:3) утуп алса, Тажикстандын чабендестери Венгриянын командасын 22:4 эсебиндеги рекорддук көрсөткүч менен талкалады.
Мелдештин биринчи күнүнүн жыйынтыктары:
- Россия — Өзбекстан — 9:3
- Кыргызстан — АКШ — 15:7
- Тажикстан — Венгрия — 22:4
Старттык оюндардагы жеңиштер Кыргызстан, Россия жана Тажикстандын курама командаларына турнирдин финалдык баскычына чыгуу үчүн алгачкы маанилүү упайларды топтоого шарт түздү.
Теги: ВИК